Ошто суу түтүгү аркылуу чек арага мыйзамсыз жол салган жарандар кармалды

0
446

Милицияга Ош облусунун аймагында адамдарды Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөрүп, мыйзамсыз миграция уюштуруп жүргөн жаран тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Ош облустук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун Төбө-Коргон айылынын 36 жаштагы тургуну кармалган.

Ал тергөөдө Өзбекстандын жараны менен алдын ала мыйзамсыз миграцияны уюштурууну сүйлөшүп, алар 2022-жылдын 21-январь күнү, Араван районунда 4-5 метр тереңдикте жер астына көмүлүп, бир жагы Кыргызстандын аймагында, экинчи жагы Өзбекстандын аймагында орун алган суу агуучу темир түтүк аркылуу, жарандарды Өзбекстандан, Кыргызстанга
мыйзамсыз өткөрүүнү уюштургандыгы аныкталган.

Чек арадан мыйзам өткөрүүнү уюштургандар камакка алынып, ал эми өздүгү аныктала элек Өзбекстандын жаранын аныктоо максатында,кошуна мамлекеттин укук коргоо органдарына эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү документтер даярдалып жөнөтүлдү деп айтылат, Ош облустук милициянын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here